Кыргызстанда 39 адамдан коронавирус табылды

Пандемия шартында иштеп жаткан дарыгер. Кыргызстан. 2020-жыл. (архив)

13-июлга карата Кыргызстанда 39 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды.

Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору маалымдады. Ага ылайык 27 адам оорунун белгилерине даттанып, дарыгерге кайрылган. Эки адам чет жактан келген. 10 киши чет өлкөгө кетүү үчүн ПЦР тест тапшырган учурда аныкталган.

Ушул тапта 34 адам үйүндө, беш бейтап ооруканада дарыланууда.

Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору азырынча бардык облустар жашыл аймакта экендигин, бирок илдеттин жугушу күн санап өсүп жатканын маалымдады.

12-июлга карата 29 адамдан, 11-июлда 14 адамдан вирус аныкталган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 201 282 адамга жетти. Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду. (ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайларында 6 миң бюджеттик орун болотРыскулбеков: Зордукталган кыздын ата-энеси акча чогултууну суранган эмесОрусияга аба мейкиндигин кайтартуу опурталдуубу?ИИМ: Экстремисттик уюмдар ички чырларга аралашууга аракеттенүүдөУкраин армиясы өлкө түштүгүндө каршы чабуулун баштады Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголду