Орусиянын чектөөсү: Германияда газ тартыш

"Түндүк агым-1" газ куурунун түтүктөрү. Германия. Архивдик сүрөт.

Орусия 11-июлдан тарта Германияга “Түндүк агым-1” кууру менен газ берүүнү убактылуу токтотту. Куурдун оператору бул чечимин пландалган профилактикага байланыштырса, Берлин жана Еврошаркет Украинадагы согуштан улам келип чыккан тирешүүнүн шартында газ биротоло берилбей калат деп чочулашат.

Көгүлтүр газдын агымы 21-июлга чейин токтотуларын Nord Stream AG компаниясы алдын ала эскерткен. Бул тууралуу Германиянын Энергетика, байланыш жана темир жолдор агенттигинин директору Клаус Мюллер дүйшөмбү күнү билдирди:

"Германия Норвегиянын газын Бельгиядагы жана Нидерланддагы терминалдар аркылуу алууну улантууда. Газдын агымы токтоп калган жок. “Түндүк агым-1” кууру сезондук оңдоп түзөөгө жабылганы чын. Биз ал тууралуу кабардар болгонбуз, газ кайра берилеби же жокпу, аны болжол менен он күндөн кийин билебиз".

Германиядагы газ компрессору

Куурда жыл сайын бир нече күнгө профилактикалык иштер жүргүзүлүп келгени менен быйыл Украинадагы согушка байланыштуу кырдаал өзгөрдү. Эмне дегенде буга чейин эле сөз болгон куур менен орус газынын европалык кардарларга жеткирилген көлөмү эки эсеге азайган. Ошол эле маалда анын ордун толтуруу үчүн башка маршруттардын эсебинен көбөйтүлгөн эмес.

"Газпром" өз чечимин Канадага ремонтко жөнөтүлгөн турбиналардын санкциялардан улам артка кайтарылбай жатышы жана айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүргөн.

Бирок немис бийлиги газды токтотуунун артында саясат турат деп эсептейт. Айрым саясатчылардын айтымында, Москва муну менен Украинаны колдоп, Орусияга санкция салганы үчүн Берлинден өч алууну көздөйт.

Канцлер Олаф Шольц “Орусия газды курал кылып пайдаланууда деп айтууга негиз пайда болду”, - деп 6-июлда айткан.

Ошол эле маалда Берлин Канада бийлигинен турбиналарды кайтарууну өтүндү. Маалыматтарга караганда, расмий Оттава макулдугун берип, жабдуу Германияга өткөрүлүп, андан ары сыягы куурду ишткеткен “Газпром” ишканасына жөнөтүлмөкчү. Ошондо Канада Батыш Орусияга каршы киргизген санкцияларды бузбаган болот. Москва азырынча бул кабарды комментарийлеген жок. Бирок 8-июлда турбиналар калыбына келтирилгенден кийин Европага газ берүүнү жандантарын билдирген.

Маалымат каражаттары адистерге таянып кабарлагандай, турбиналар эки жуманын ичинде жетип, аларды орнотууга дагы бир нече күн талап кылынат.

Deutsche Welle немис жетекчилиги 21-июлдан кийин да Орусия газды “Түндүк агым-1” аркылуу бербейт деген ыктымалдыкты жокко чыгарбасын жазат.

Бир катар эксперттер Украинадагы согушта максаттарына жетүү үчүн Владимир Путин ушундай радикалдуу кадамга барышы мүмкүн деп эсептешет. Муну менен Кремл ал өлкөдө экономикалык жана саясий кризисти тутандырууну көздөйт.

Ошол сценарий ишке ашып калса, бул Германияда гана эмес, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрүндө да энергиянын тартыштыгына алып келмекчи. Бийлик газды элге берүүнү чектөөгө аргасыз болмокчу. Өлкөдө ансыз да энергияны үнөмдөөнүн чукул чаралары ишке кирген.

8-июлда Германиядагы газдын эң ири импортеру Uniper энергетикалык компаниясы баалар эми эселеп көтөрүлөрүн эскертти. Компания немис бийлигинен ишмердигин стабилдештирүү үчүн жардам сурап кайрылган.

"Эмки жумада кардарларыбызга жаңы кырдаалды түшүндүрүп, баалардын кескин кымбатташы күтүлгөнү тууралуу кабардар кылабыз. Бирин-серин учурларда контракттардын шарттарын аткара албай, газды азыраак берип калат окшойбуз. Азыркы абалда башка арга жок", - деп түшүндүрдү Uniper компаниясынын жетекчиси Клаус-Дитер Мобах.

Компания июндун ортосунан бери контрактта көргөзүлгөн газдын 40 пайызын гана ала баштады. Калган көлөмүн башка жерлерден кымбат баага сатып алууга мажбур.

«Түндүк агым-1» 21-июлдан кийин да ачылбаса, Германиянын экономикасы терең рецессияга туш болуп, ички дүң өнүмү кышында он пайызга же андан да көпкө түшүп кетиши мүмкүн деп эскертишет адистер. Муну алдын алуу үчүн суюлтулган газ сакталуучу терминалдарды куруу каралууда. Газ тартыш болсо, көптөгөн ишканалар, өзгөчө тамак-аш чыгарган компаниялар жабылат деген коркунуч турат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия мунай менен газды башка мамлекеттерге кысым көргөзүү рычагы катары пайдаланууда деген сынды четке кагып, газдын агымын токтотуу мурда пландалганын айтты.

“Түндүк агым-1” Балтика деңизинин түбү менен жылына 55 миллиард метр куб орус газын Германияга жетирип турат.

Орусия кошунасына кол салып, Батыш санкция киргизгенден кийин Москва энергияга рубль менен төлөөдөн баш тарткан европалык өлкөлөргө мунай менен газ берүүнү токтотуп салган. Эгерде "Түндүк агым-1" кууру аркылуу газ берүүнү биротоло токтото турган болсо, Орусия да экономикалык жактан ири чыгымга учурайт.

Буга чейин Берлин Орусиянын агрессиясына жооп иретинде “Түндүк агым-2” долбоорунан чегинген. “Газпром” жана европалык энергетикалык компаниялар кирген консорциум ээлик кылат деген куур немис жергесине берилген орус газынын көлөмүн эки эсеге көбөйтмөк.

Согуш башталгандан бери Германия орус газынан көз карандуулугун азайтууну көздөөдө.