Баткендин Сүлүктү шаарында газ чыгып, жумушчулардын өмүрүнө коркунуч жараткан көмүр шахталары тазаланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда кабарлады. Маалыматка ылайык, шаардагы эки шахтада газ чыгып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар аталган жайларга атайын тосмо орнотуп, газдан тазалашты. Жабыркагандар болгон жок.
Сүлүктү шаарында бир нече көмүр шахталары жайгашкан. Буга чейин шахталарда иштеп жатып, газга ууланып өмүрү кыйылган учурлар бир нече жолу катталган.(BkA)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтүИндия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанга визасыз бара алатWFP: миллиондогон украиндер тамак-аш тартыштыгына туш болдуТажикстанда милиция журналист Завкибек Саидаминини кармап кеттиБекешев мүлктү легалдаштыруу мыйзамында кооптуу жагдайлар камтылганын билдирди