Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

Бекешев мүлктү легалдаштыруу мыйзамында кооптуу жагдайлар камтылганын билдирди


Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда бир катар күмөндүү жагдайлар камтылганын билдирди.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын пикиринде, мыйзам долбоору камкорчулук (опекун) укуктан кыянат пайдалануу менен жетимдерден тартып алынган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга шарт түзөт. Адам органдарын сатуудан тапкан пайданы, коррупция, адам сатуу, курал-жарак сатуу, сойкуканаларды ачуудан түшкөн каражаттарды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, чиновниктердин буга чейинки берген декларациялары жок кылынарын жана мындан ары жарыялоо талабы жокко чыгарыларын кошумчалады.

"Мындан ары кызматта турган ууруларды талкуулап, сындай албай каласыздар",- деп жазган Бекешев мыйзам долбоорду кийинки окууга чейин жокко чыгаруу үчүн өз сунуштарын берерин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга кетер алдында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Аны президенттин администрациясы иштеп чыккан.

Бийлик көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG