Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Индия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанга визасыз бара алат


Алматы аба майданы. Казакстан.
Алматы аба майданы. Казакстан.

8-июлдан тарта Индия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанда 14 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мындай уруксат иш менен, конокко же турист болуп келгендерге таандык.

Ички иштер министрлигинин Миграция комитети билдиргендей, жарым жылда ал өлкөлөрдүн жарандары жаңы визасыз режимге ылайык 42 күндөн көп жүрө албайт. Мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылмакчы.

Июнда Казакстандын маданият жана спорт министри жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын жүзгө жеткирерин билдирген. Ержан Еркинбаев ошондой эле быйыл чет жактардан бир миллионго чейин туристтин келиши күтүлгөнүн айткан.

Былтыр кошуна өлкөгө 330 миң турист барганы катталган. Пандемияга чейинки 2019-жыл менен салыштырганда бул 33,7% аз.

XS
SM
MD
LG