Май айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылган

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат. Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.(BkA)

Дагы караңыз

Милиция коомдук унаада жүргүнчүгө кол көтөргөн адам кармалганын кабарладыНарындагы ок атуу боюнча үч адам кармалдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулдуЫсык-Көлдө режиссёр Базаровдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды