Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

Нарындагы ок атуу боюнча үч адам кармалды


Окуя болгон үй.
Окуя болгон үй.

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атуу боюнча үч адам кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган адамдардын бөгөт чарасы жакынкы убакытта каралат. Милиция кармалган адамдардын аты-жөнүн ачык кабарлаган жок. Бирок "Азаттыктын" булактары кармалгандар чатакташкан тараптардын бири, жергиликтүү тургундарга ок атты деп шектелип жаткан Кыдырмышовдордун үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдиришти.

Нарындын Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июлда кечинде ок атылып, алты адамдын жараат алганы кабарланган. Жергиликтүүлөр чатак жер талаштын айынан чыкканын айтышкан.

Нарын облустук милициясынын маалыматы боюнча, айылдын 30-40ка чукул тургуну Бакыт Кыдырмышов аттуу адамдын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жатышкан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганын кабарлаган. Бирок ок жегендердин жакындары бул маалыматты четке кагып, окуянын чыгышына Кыдырмышовдорду күнөөлөп жатышат.

10-июлда бул окуя боюнча Нарын облустук милициясынын башчысы Алмаз Жумабеков баш болгон топ Хутор-Ак-Талаа айылына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгилүү болду.

Учурда дарыгерлер ок жеген алты адамдын үчөөнүн абалы оор деп баалап жатат.(BkA/MiK)

XS
SM
MD
LG