Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Ысык-Көлдө режиссёр Базаровдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды


Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.
Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көчмөн цивилизациялары музейинде атактуу кинорежиссёр Геннадий Базаровдун чыгармачылыгына арналган фото көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

8-июлдан 8-августка чейин уланчу көргөзмөгө Александр Федоров, Алимжан Жоробаев, Урмат Осмоев сыяктуу фотографтардын Базаровдун чыгармачылыгын чагылдырган эмгектери коюлду.

Быйыл СССРдин эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Буга чейин мааракелик иш-чаралар Бишкекте жана бир нече аймакта өткөн эле.

"Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, режиссёр Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG