Милиция коомдук унаада жүргүнчүгө кол көтөргөн адам кармалганын кабарлады

Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги №152 маршруттук каттамдагы кичи автобуста жүргүнчү айымга кол көтөрдү делген адам кармалды. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-июлда Назира Мукамбетова аттуу жаран шаардагы каттамдардын бириндеги кичи автобуста белгисиз адам ага кол көтөргөнүн айтып, арыз менен кайрылган. Бул боюнча тиешелүү ыкчам издөө иштери жүрүп, жүргүнчүгө кол көтөрдү делген 34 жаштагы адам милицияга жеткирилди. Ал чатак боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берген.

Учурда бул иш боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, мындан ары иликтөө иштери жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда милиция арыздануучунун укук коргоо органдары өз убагында чара көргөн эмес деген дооматын четке кагууда.

Буга чейин социалдык тармактарда Назира Мукамбетова деген колдонуучу коомдук унаада белгисиз адам сабаганын, милиция чара көрбөй жатканын айтып, укук коргоочулардан жардам сураган.(BkA)

Дагы караңыз

Нарындагы ок атуу боюнча үч адам кармалдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулдуЫсык-Көлдө режиссёр Базаровдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылдыКазакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссия ишин улантууда