УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетектеп жаткан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, комиссияга кирген маркумдардын жакындары күч органдарынын өкүлдөрү менен бирге иштеп, материалдарды изилдеп жатышат.
Байсалов комиссиянын корутундусу жакынкы апталарда даярдалышы мүмкүн экенин кошумчалады.
56 жаштагы саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. 30-июнда каза болгонуна байланыштуу анын иши кыскартылганы кабарланган.
Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат 1ге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы айтылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.
Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.(BkA)
Дагы караңыз
Пакистан менен Ооганстанда сел ондогон кишинин өмүрүн алды "Бир жарым жылда 2 млн. доллар таптык". Кыргызстандагы онлайн сооданын арышы Бекешев мүлктү легалдаштыруу мыйзамында кооптуу жагдайлар камтылганын билдирди Түрк ишкерлери менен Бишкекте трамвай системасын куруу долбоору талкууландыТажик абагындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылганы кабарланды