Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Түрк ишкерлери менен Бишкекте трамвай системасын куруу долбоору талкууланды


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров түркиялык "Йапы Меркези Иншаат ве Санайи" компаниясынын өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, түрк ишкерлери Лейлектеги Раззаков аэропортун жаңылоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын курууга кызыкдар экенин билдирген.

Кыргыз тарап бул боюнча биргелешип иш алпаруу зарылдыгын белгилеген. Мамлекеттик орган буга чейин Бишкекте трамвай куруу боюнча пландар болгон-болбогонун тактаган жок.

Борбор калаада соңку жылдары транспорттук көйгөйлөр талкууга түшүп келет. Буга чейин калааны башкарган айрым мэрлер монорельстик түйүн куруу боюнча пландарын жарыялаган. Бирок ал долбоорлорду ишке ашыруу багытында эч кандай аракет көрүлгөн эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG