Пакистан менен Ооганстанда сел ондогон кишинин өмүрүн алды

Ооганстандагы селдин кесепети

Пакистан менен Ооганстанда катуу жааган жаандан кийинки селден ондогон киши каза болду. Көптөгөн адамдар үй-жайсыз калды.

Пакистанда 9-июлда куткаруу иштерин жүргүзүүгө өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү тартылды. Расмий маалыматтар боюнча, өлкө түштүгүндөгү Белужистан аймагында сегиз дамбаны суу жырып кетип, 57 адам каза тапты. Алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Ал эми түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки адамдын көз жумганы кабарланды.

Коңшу Ооганстанда болсо селдин кесепетинен 24 адам каза болгону белгилүү болду.

Дагы караңыз

"Бир жарым жылда 2 млн. доллар таптык". Кыргызстандагы онлайн сооданын арышы Бекешев мүлктү легалдаштыруу мыйзамында кооптуу жагдайлар камтылганын билдирди Түрк ишкерлери менен Бишкекте трамвай системасын куруу долбоору талкууландыТажик абагындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылганы кабарланды"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операцияУкраиналык аскерлердин алгачкы тобу Британияда машыга баштады