Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу азырынча чектөө киргизилбейт

Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек. 6-июнь, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева коронавируска байланыштуу азырынча эч кандай чектөө киргизилбейт деп билдирди. Бирок ооруга чалдыккандар көбөйүп жатканын айтты.

“Азырынча чектөө чараларын киргизүүгө эрте, анткени биз “жашыл зонадабыз”. Бирок ооругандардын саны өсүп жаткандыктан иштеп баштадык. Эртең коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйыны пландалууда, балким ал жерден 2 жумага карата алдын ала божомол айтылат”, - деди Арыкбаева.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча статистика кайрадан бериле баштай турганын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандар соңку эки аптадан бери кайра каттала баштады. 27-июндан 3-июлга чейин вирус жуктурган 48 адам катталган. Алардын ичинде 43ү - Бишкекте.

COVID-19 эпидемиясы өлкөдө 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын май айында дээрлик катталбай калган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарына туура келет.

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Казакстанда оору кайрадан күчөп, эки өлкө тең вируска каршы чараларды жандантты. (TSh)

Дагы караңыз

Билим берүү министрлиги УКМКнын жемкорлук боюнча маалыматына жооп берди"Клооп" басылмасынын редактору милицияга суракка чакырылдыСадыр Жапаров саламаттыгы боюнча пландык кароодон өттүКоммерциялык банктардын доллардан алган комиссиясы боюнча маалымат берилди