Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан пландык профилактикалык кароодон өттү.
Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
“Мамлекет башчысынын саламаттыгы жакшы”, - деди Султанбаев.
Бүгүн айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаров атайын ооруканада болгонун жазып чыгышкан.