Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Билим берүү министрлиги УКМКнын жемкорлук боюнча маалыматына жооп берди


Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 20-майда жогорку окуу жайлардын биринде абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуу болгонун аныктаганы тууралуу билдирүү таратты.

Анда мыйзам бузуу аныкталары менен министрликте комиссия түзүлүп, териштирүүнүн жыйынтыгы УКМКга өткөрүлүп берилгени айтылат. Мекеме бул мыйзам бузуу 2021-2022-жылдагы окуу жылында жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланыштуу экенин, быйылкы абитуриенттерди кабыл алуу баштала электинин белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы 7-июлда министрликтин кызмат адамдары менен мамлекеттик университеттердин биринин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жемкорлукка шектелип жатышканын билдирген.

Анда чет өлкөлүктөр үчүн деп бөлүнгөн 50 мамлекеттик гранттык орунга кыргыз жарандарын кабыл алып коюшканы аныкталганы айтылат. Мекеме иш кайсы берененин негизинде козголгону, кеп кайсы окуу жайы жана окуя качан болгону тууралуу тактаган эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент окуйт. Алардын 70 миңдейи чет өлкөлүктөр. (TSh)

XS
SM
MD
LG