Милиция Бишкекте "уурдалды" деген кыз табылганын маалымдады

Иллюстрация.

Милиция Бишкекте бир апта мурун болгон окуядагы кыз менен баланын тек-жайы аныкталганын билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 20-21 жаштагы жарандар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, ошол күнү урушуп кеткен учуру видеого тартылып калган деп түшүндүрдү.

“Эмне үчүн милицияга келбей жүрдүнөр деген суроого, алар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялар жана социалдык тармактарда резонанс күчөгөндөн кийин милицияга баргандан коркуп, бир аздан кийин баары унутулат деп ойлогонун айтып, жооп беришти. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Тасмада тартылган кыз тараптан комментарий боло элек. Анын аты-жөнү айтылган жок.

24-июнга караган түнү баш калаанын Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде "бойго жеткен кыз уурдалды" делген видео интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго обочо жерден тартылган кыска видеодон кыз “жардамга” деп кыйкырып, ал эми видеого тартып жаткандар “аны уурдап кетишти” деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактардын колдонуучулары милиция бир жумадан бери кызды таба албай жатканын сындап жазышкан. (TSh)

Дагы караңыз

Зеленский украин күчтөрү Орусиянын мизин кайтарууга даяр экенин билдирдиИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүүдө6-июлдун аба ырайыКазакстан "Жибек Жолу" кемесин ижарага алган орус компаниясы менен келишимди үзүшү мүмкүн