Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

Казакстан "Жибек Жолу" кемесин ижарага алган орус компаниясы менен келишимди үзүшү мүмкүн


Түркиянын Карасу портуна жакын жерде токтоп турган "Жибек Жолу" кемеси. 2-июль, 2022-жыл.
Түркиянын Карасу портуна жакын жерде токтоп турган "Жибек Жолу" кемеси. 2-июль, 2022-жыл.

Бул тууралуу шейшембиде "Ата Мекен Бизнесс" басылмасы маалымат таратты.

"Эгер Казакстанда жана эл аралык укукта белгиленген нормаларга туура келбеген иш-аракет жасалса, анда келишим бузулуп, жүк ташыган кеме кайтарылып берилет" деп билдирди Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Хайырбек Ускенбаев өкмөт жыйынында.

Буга чейин казакстандык KTZ Express компаниясы "Жибек Жолу" кемеси аларга таандык экенин моюнга алган. Бирок алар кеме орусиялык Green Line компаниясына ижарага берилгенин, экипаж менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар Запорожье облусунун түштүгүндөгү орус армиясы көзөмөлдөгөн Бердянск портунан чыккан "Жибек Жолу" кемесин түрк бажысынын кызматкерлери Кара Деңиздеги Карасу шаарынын жээгинен кармаганын 1-июлда кабарлаган.

Украинанын Башкы прокуратурасы 30-июнда "Жибек Жолу" кемеси Бердянскиден 4500 тоннага жакын эгинди мыйзамсыз жүктөп кеткенин жүйө кылып, Түркиянын Юстиция министрлигине расмий кат жөнөткөн. Анда Киев Анкарадан "кемени тыкыр текшерүүнү, соттук экспертиза үчүн дан азыктарын экспертизадан өткөрүүнү, эгин кайда турганы боюнча маалымат талап кылууну өтүнгөн.

Украинанын Анкарадагы элчиси Боднар кеме дүйшөмбүдө текшерилерин жана сүйлөшүүлөрдөн кийин анын тагдыры аныкталарын билдирген.

Бирок түрк бийлиги "Жибек Жолу" тууралуу расмий маалымат бере элек.

Киев Кремлди украиндердин кампадагы эгинин уурдап, Түркия баш болгон өлкөлөргө саткан деп айыптайт. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Украина буудай жана башка дан азыктарын эң көп экспорттогон дүйнөдөгү беш мамлекеттин бири. 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн Кара деңиздеги жана Азов деңизиндеги портторун бөгөттөп, Киевге дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG