Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

6-июлдун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Чүй облусунун өрөөнүндө, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.

XS
SM
MD
LG