6-июлдун аба ырайы

Кыргызстан.

6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Чүй облусунун өрөөнүндө, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.

Дагы караңыз

Казакстан "Жибек Жолу" кемесин ижарага алган орус компаниясы менен келишимди үзүшү мүмкүнЧикагодо парадга чыккандарды аткылаган шектүү камалдыТүрк тилдүү өлкөлөрдүн орток тарыхы кандайча жазылды?ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүүдө