Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Чикагодо парадга чыккандарды аткылаган шектүү камалды


Чикагонун жака белиндеги Хайленд-Парк аймагында өткөн параддан кийин. 4-июль, 2022-жыл.
Чикагонун жака белиндеги Хайленд-Парк аймагында өткөн параддан кийин. 4-июль, 2022-жыл.

Чикагонун жака белиндеги Хайленд-Парк аймагында Американын Эгемендик күнүнө арналган парадга чыккандарды аткылаган шектүү камалды. 4-июлда болгон окуяда алты адамдын өмүрү кыйылды.

Хайленд-Парктын полиция жетекчиси Лу Жогмен журналисттерге билдиргендей, 22 жаштагы Роберт Кримо аттуу шектүүнү машине менен артынан кууп барып кармашкан.

Маалыматка караганда, жыйырмадай адам, анын ичинде балдар жараат алышкан. Айрымдарынын абалы оор. Эгемендик күнүнө арналган парад эртең мененки саат ондо башталып, он мүнөттөн кийин ок атыла баштаган.

Парадга чыккан жүздөгөн адам дүрбөлөңгө түшүп, туш келди качышкан.
24-майда Техастын Увальда шаарындагы мектепте болгон атышууда 19 окуучу жана эки мугалим мерт кеткен. Майдын башында Нью-Йорк штатындагы азык-түлүк саткан дүкөндө болгон атышуу 10 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG