Кумаркана мыйзамына каршы чыгып жүргөн жарандык активист Акжолтой Тукунов Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.
Акжолтой Тукунов буга чейин Фейсбук аркылуу коомдогу ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип келген. Соңку учурда казино мыйзамына кескин каршы чыгып, ар кандай акцияларга активдүү катышып жүргөн.
2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп бир нече ай иштеген. Андан кийин парламенттик шайлоого дагы катышкан.
Монополияны жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигине карайт. (TSh)
Дагы караңыз
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдөСот Сооронкулованын сынына жооп бердиТалибдерге жасалган кол салууда эки киши мерт кеттиЕвробиримдик Нукустагы окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакырдыНарындын мурдагы губернаторунун камалганы белгилүү болду