Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:39

Евробиримдик Нукустагы окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакырды


Каракалпакстандагы күч кызматкеринин өкүлү. 3-июль, 2022-жыл.
Каракалпакстандагы күч кызматкеринин өкүлү. 3-июль, 2022-жыл.

Евробиримдик 4-июлда тараткан билдирүүсүндө Каракалпакстандагы адам өмүрүн алган окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

«Биз курмандыктар жана жабыркагандар болгонуна терең кайгырабыз жана окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз" - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаркет жетекчилиги Өзбекстанды эл аралык милдеттенмелерге ылайык адам укуктарын, анын ичине жарандардын эркин пикир билдирүүгө жана эркин топтолууга болгон укугун сыйлоого чакырды.

1-2 июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда 243 киши жарадар болгон. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин айткан. Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

XS
SM
MD
LG