Украинанын президенти Владимир Зеленский баскынчыларга алдырган аймактарды кайтарууну убада кылды.
"Эгер биздин армиянын кол башчылары душман үстөмдүк кылган Лисичанск сыяктуу айрым аймактардан өз адамдарын чыгарууну чечсе, бул бир гана нерсени билдирет. Демек биз тактикабыз жана заманбап куралды көбөйтүү менен кайра бул аймактарга кайтабыз",-деди Зеленский.
Буга чейин украин күчтөрү Лисичанск шаарынан чегинүүгө аргасыз болгон. Мындан улам орус армиясы Луганск облусун толук көзөмөлүнө алган.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай билдиргендей, курчоодо калуу коркунучу жаралган соң украин аскерлеринин өмүрүн сактап калуу максатында аларды чыгарып кетишкен.
"Аскердик көз караш менен алганда позицияларды калтыруу жакшы эмес. Бирок анчалык олуттуу деле эч нерсе жок. Биз Лисичанск үчүн кармашта эмес, согушта жеңишибиз керек",-деди Гайдай.
Орус армиясы учурда Донецк облусундагы Славянск жана Краматорск шаарларын аткылоону күчөттү.
Дагы караңыз
Кыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылдыЖапаров Мирзиёев менен сүйлөштү Өзбек парламенти Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактап калууну чечтиКаракалпакстандагы тополоң боюнча кылмыш иши козголду