Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Каракалпакстандагы тополоң боюнча кылмыш иши козголду


Каракалпакстан.
Каракалпакстан.

Каракалпакстандагы жапырт башаламандык фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлдагы брифингде маалымдады.

Мекеме билдиргендей, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын Мамлекеттик күзөт кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук гвардия жүргүзүүдө.

Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелеринин, анын ичинде 159-берененин, башкача айтканда, "Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренесинин негизинде козголгон.

Мекеме буга чейин маалымдагандай, Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. 243 киши жаракат алды, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 1-2-июль күндөрү 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин айткан.

Нукуста 1-2-июль күндөрү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы жапырт демонстрациялар өткөн.

XS
SM
MD
LG