Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Жапаров Мирзиёев менен сүйлөштү


Бүгүн, 4-июлда Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жапаров Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтты, “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформанын жыйынтыгы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болоруна ишенимин билдирди” деди президенттин басма сөз кызматы.

Президенттер ошондой эле быйыл 21-июлда Кыргызстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыкты, анын күн тартибин талкуулашты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага чакырууну кабыл алышканы белгиленди.

1-2 июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыкта 18 киши мерт кеткенин, дагы 243 киши жарадар болгонун, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери экенин, ооруканада учурда жүзгө чукул адам жатканын, айрымдарынын абалы оордугун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда билдирди.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитетин Өзбекстан коргой турганы жазылган. Жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмө алынган.

XS
SM
MD
LG