Өзгөчө кырдаалдар министрилиги туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 25-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертти.
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 25-июнда түнкүсүн Чүй,Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13°.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° болот. (JsA)