Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Украиналыктар Северодонецк шаарынан чегинүүгө аргасыз болду


Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.
Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.

Украинанын Северодонецк шаарында дээрлик эки айча убакыттан бери орус күчтөрүнө багынбай келаткан украин аскерлери чегинүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу аталган шаар баш ийген Луганск облусунун жетекчиси Сергей Гайдай 24-июнда Телеграм-каналында маалымдады.

Акыркы күндөрү шаардын көпчүлүк бөлүгүн орус тарап ээлеп турган. “Азот” заводундагы жана анын жакасындагы украин күчтөрү гана баш ийбей келишкен. Аталган өндүрүштүк зонанын алдындагы жертөлөлөрдө жайкын тургундар да жашынып турушкан.

“Тыптыйпыл болуп талкаланып калган шаарда жөн эле ошол жерде болуу үчүн олтура берүү максатсыз”, - деди Сергей Гайдай.

Северодонецк райондук администрациясынын башчысы Роман Власенко “Азаттыктын” украин кызматына билдиргендей, аскерлер бир саатта же бир күндө чыгып кете албайт. Чегинүү бир нече күндө ишке ашышы мүмкүн.

Украин бийлиги Северодонецкиге жанаша турган, дарыянын экинчи тарабындагы Лисичанск шаары толугу менен алардын көзөмөлүндө экенин билдиришүүдө. Андан чегинүү тууралуу кабарлана элек. Орусиянын күчтөрү акыркы күндөрү аталган эки шаарды багынта албай, курчоого алуу аракетине өткөн. Алар аталган шаарлардан кийинки айылдарды басып алып, мындагы украин жоокерлердин борбор менен байланышын үзүүнү көздөп жатат.

Согуштук фронттун башка линияларында да кармаштар уланууда. Орус тарап Харьков, Николаев, Запорожье, Чернигов, Сумы облустарына улам-улам чабуул жасап жатса, Херсондо тараптардын күчтөрү бетме-бет кармашууда.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз өлкө деп тааныган. Орусия күчтөрү Украинадагы "блицкриг планы" ишке ашпай калган соң бул эки облустун администрациялык чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Луганск облусунун мурдагы борбору Луганск шаарын 2014-жылы жикчилдер басып алгандан кийин Северодонецк шаары анын борбору болуп калган эле. Москва украин жергесине 24-февралда басып кирген, Северодонецк үчүн кармаштар май айынан башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG