Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

Президент Жапаров: Түрк тилдүү өлкөлөрдөн инвестор күтөбүз


Президент Садыр Жапаров 24-июнда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) делегацияларынын башчыларына жолугушту.

Мамлекет башчы "түрк мейкиндигиндеги бул жаңы байланыштар жаңы замандын мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиш”, - деп билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы терең тарыхый, маданий жана руханий байланыштар биздин мамилебиздин негизин түзөт. Заманбап мамлекеттер аралык мамилелерди жылдан-жылга куруп келе жаткан ишенимге, достукка жана кызматташтыкка негизделген ишенимдүү пайдубалсыз өз ара байланышыбызды активдештирүү мүмкүн эмес деп ойлойм”, - деген Жапаров.

Президент ТүркПАны жалпы маданият жана тарыхый тамыр бириктирип турарын белгилеп, түрк тилдүү өлкөлөрдөн көбүрөөк инвесторлорду көрүүгө кызыкдар экенин айткан.

"Кыргызстан түрк тектүү боордошторубуз менен ушул баалуулуктардын негизинде жемиштүү иштөөгө даяр", - деген ал.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (байкоочу катары), Венгриянын Парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары) Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтүп жатат.

ТүркПА - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму. (КЕ)

XS
SM
MD
LG