Таластын Көпүрө-Базар айылында жүргөн сел үйлөрдү каптады (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас районунда 22-июнь күнү саат 20:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган суу Көпүрө-Базар айылынын Таштанаалы көчөсүндө жайгашкан айрым үйлөрдүн короосун каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, селдин кесепеттерин жоюуга министрликтин ыкчам тобу жана 16 куткаруучу тартылган.

Жергиликтүү бийлик буга чейин тургундар селдин алдын алуу үчүн чарбак четинен арык казууга уруксат бербей койгонун "Азаттыкка" билдирди.

22-июнде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда 22-24-июнь күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр, жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы ыктымалдыгын эскертти. (КЕ/MT)

Дагы караңыз

Мадумаров менен Масалиев казино мыйзамын кабыл алууда алешемдик болгонун айтышты Садыр Жапаров: элдин бийликке ишеними мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды Күрөш: Билол Шарип уулу уландар арасында Азия чемпиону болдуЮстиция министрлиги акысыз укуктук кеңеш берүү акциясын өткөрөт