Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Мадумаров менен Масалиев казино мыйзамын кабыл алууда алешемдик болгонун айтышты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен аталган фракциянын депутаты Исхак Масалиев кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун кабыл алуу алешемдиктер менен коштолгонун айтып чыгышты. Алар талкуу маалында парламенттин юридика бөлүмүн башчысы Конституциянын беренеси тууралуу түшүндүрмө бергени мыйзамсыз болгонун билдиришти.

"Биздин жетекчилерибиздин "юрист айтты" деп ага таянганы туура эмес. Бул жерде 90 депутат болсо анын жок дегенде 80инде ошол жигиттен кем эмес юридикалык билими бар. Анда келгиле аны (Юридика бөлүмүн башчысы -ред) төргө отургузуп коелу, ошол жерден чечмелей берсин. Конституцияны чечмелөө үчүн конституциялык сот жана Жогорку Кеңеш бар",-деди Масалиев.

Масалиев ошондой эле кумаркана мыйзамына ким кандай добуш бергени тууралуу тизменин берилишин талап кылды. Спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев болсо ал тизмени жарыялап, жарыялабоону төрага гана чечерин билдирди.

Парламент мындан бир күн мурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдогон. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койгон.


Бул күнү бир катар жарандык активисттер парламент алдына кумаркана мыйзамына каршы акцияга чыккан.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачуу өлкөнүн бюджетин толтуруу үчүн керек экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG