Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

Садыр Жапаров: элдин бийликке ишеними мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда мамлекеттик башкарууда алардын орду чоң экени белгиленген. Элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, кадрларды даярдап, кесипкөйлүгүн арттырууга байланыштуу бир катар иш-аракеттер көрүлүп жатканы белгиленген.

"Элдин бийликке ишенимин бекемдөө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле адамдык сапаттарынан көз каранды экенин жакшы билесиздер. Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, этиканы сактоо менен ыйгарым укуктарыңарды ак ниет аткарасыздар деп ишенем",-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт.

Ушул айдын башында мамлекеттик кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

Туура бир жыл мурда Садыр Жапаров “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон жана ага ылайык мамлекеттик кызматкерлердин саны 30% кыскарары айтылган.

Мындай чечим кайталанган жана ашыкча милдеттерди жоюу, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы,
Үнөмдөлгөн какчанын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйтүлөрү көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG