Ипотекалык компания депутаттын коррупция тууралуу айыптоосун четке какты

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин ипотека насыясын берүүдөгү коррупция тууралуу айтканын четке какты.

Компания 2020-жылдан бери арыздарды электрондук түрдө карай баштаганын, бул бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтканын, коррупциялык элементтер толук жоюлганын билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, электрондук кезекте ар бир жарандын катталган убактысынан тартып, банк арызды кабыл алганга чейинки ар бир кадамы катталат. Арыз тапшырган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алат.

"Мисалы электрондук кезек киргенден тартып 39 миң адам каттала баштаган, бирок бүгүнкү күнгө карата анын 18 миңи гана толук каттоону аяктады. Калган 21 миң адам катталууну токтотуп койгон. 18 миң катталган арыздын 12 миңи кабыл алынган жана турак жай программасына киргизилген. Калган арыздар каралып жатат", - деп жазылган компаниянын маалыматында.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Эмил Жамгырчиев келерки жыйынына Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилигин чакырып, алардан отчет алууну сунуштаган. Ал мамлекеттик компаниянын өзүндө чоң коррупциялык элементтер бар экенин айткан.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө үйлүү болгон. (МТа)

Дагы караңыз

Ат-Башы районунун башкы салыкчысы пара менен кармалдыКазакстанда Назарбаевдин инисинин бизнеси боюнча текшерүү башталдыКечки Азаттык (3-чыгарылыш) Президент Жапаров британиялык басылмага экология боюнча маек берди