Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Ат-Башы районунун башкы салыкчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматынын Нарын облусундагы райондук башкармалыктын биринин башчысы 12 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган кызмат адамы Ат-Башы райондук башкармалыктын башчысы экенин "Азаттыктын" өздүк булактары ырастады.

Ал күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди анын пайдасына чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип келишүүдө. Алар ККМ колдонсо, товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыгып, маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. (МТа)

XS
SM
MD
LG