Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:59

Президент Жапаров британиялык басылмага экология боюнча маек берди


Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде. 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде. 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Британиянын The Independent басылмасына климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири жана өлкөдөгү экологиялык абал жөнүндө маек берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда президент Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө мөңгүлөр тездик менен эрип баратканына дүйнө коомчулугу көңүл бөлбөй жатканын айткан.

"Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам. Көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди. Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле".

Садыр Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо, тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялаган жарлыкка 3-февралда кол койгон. Кыргызстанда бул өнөктүктүн алкагында тоо саммити өтөт.

23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынган. (МТа)

XS
SM
MD
LG