31-октябрга чейин кантты импорттоодон бажы төлөмү алынбайт

Кыргызстанга ташылып келинген кант жана чийки кант камышынан быйылкы жылдын 31-октябрына чейин бажы төлөмү алынбай турган болду. Мындай чечим 21-июнда Беларустун борбору Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезексиз жыйынында кабыл алынды.

20-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларус баш калаасы Минскиге барган. Кеңештин эки күндүк жыйыны 21-июнда аяктайт.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн (ЕАЭБ), байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда. Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, биримдикке мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулоодо.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (МТа)

Дагы караңыз

Кадамжайда аялын өлтүргөн эркек асынып алдыКрымда мунай бургулоочу платформаларга сокку урулдуКамчыбек Ташиев: Кызматтан кетпейм“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов үй камагына чыкты