Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Крымда мунай бургулоочу платформаларга сокку урулду


Крымга жакын жайгашкан Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформалар.
Крымга жакын жайгашкан Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформалар.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы "Черноморнефтегаз" ишканасынын мунай бургулоочу платформаларына украин күчтөрү сокку урду. Бул тууралуу Крымдын Орусияга баш ийген жетекчилери жарыялады.

Деңизде жайгашкан платформаларга ракеталык соккулар 21-июнга караган түнү болгон. Жергиликтүү бийлик өрт күндүз деле уланып жатканын кабарлады.

Орусиянын Федералдык кеңешиндеги Крымдын сенатору Ольга Ковитиди өрттөн улам жети адам дайынсыз болуп жатканын, аларды издөө иштери уланып жатканын “Интерфакс” маалымат агенттигине кабарлады.

Аннексияланган Крымдын жетекчиси Сергей Аксёнов украин күчтөрү "Черноморнефтегаз" ишканасынын үч бургулоочу платформаларына сокку жасаганын айткан. Анын сөзүнө караганда аларда жалпысынан 100дон ашык киши иштеген. Беш адам жараат алып, жети адамдын дайыны табылбай жатат. Платформаларда мунай казуу иштери токтотулду. Кылмыш иши козголду.

Украин тарап Крымдагы мунай бургулоочу платформаларга жасалган чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол учурда жарым аралдан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан, Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформаларды кошо басып алган. Мурда Украинага караган "Черноморнефтегаз" ишканасын Крымдын жетекчилиги улутташтырып алган. Киев бул боюнча кылмыш ишин козгосо, Евробиримдик менен АКШ аталган компанияга каршы санкция салган. (ErN)

XS
SM
MD
LG