Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:20

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов үй камагына чыкты


Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

Ири суммадагы алдамчылыкка шек саналып камалган “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Анын бөгөт чарасын 20-июнда Октябрь райондук соту карап, үй камагына чыгарган.

Жамангулов 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамангуловдун бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Шектүүнүн жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айткан. Хасанов Жамангуловдун бул иште эч кандай күнөөсү жок деп билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 33 жаштагы Акылбек Жамангулов 2018-жылдын октябрь айында "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" ишканасына жетекчи болуп дайындалган. Бийлик алмашкан Октябрь окуяларынан кийин 2021-жылы 16-мартта аталган компаниянын башкы директорлук кызматынан өз каалоосу менен кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG