Милиция уурулукка айыпталып, мамыга байланган адам тууралуу маалымат берди

Уурулукка айыпталып, мамыга байланган адам. Бишкек, Ак-Ордо. 20-июнь, 2022

Чүй облустук милициясы Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургундарынын жаранды уурулукка айыптап, мамыга байлап суракка алганы боюнча маалымат таратты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 57 жаштагы шектүү жарандын психикалык жактан оорулуу экени аныкталган.

"Ак-Ордо конушунда жегиликтүү тургундар уурулукка шек санап кармаган Э.Ф. тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жарандарды чагымчыл мүнөздөгү видеоматериалдарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Милиция шектүү жаран 20-июнда саат 15:00-16:00 чамасында конуштагы үйлөрдүн бирине кирип, бут кийимдерди жана уюлдук телефонду алып чыккан. Материалдык чыгымдын суммасы 14 миң 500 сомду түзгөн. Бул боюнча 56 жаштагы А.Л. милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталды.

Социалдык тармактарга конуштун жашоочулары 50-60 жаштардагы кишини "уурулук кылганы үчүн мамыга байлап койгон" видео тараган. Шектүүнүн туугандары социалдык тармакта тараган видеого байланыштуу арыз жазуудан баш тарткан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Саламаттык сактоо министринин кеңешчисинин жакындары президентке кайрылдыАлайдын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, каттам токтодуДмитрий Муратов Нобелдин медалын 103,5 миллион долларга сатты Болот Темировго козголгон кылмыш иштери сотто карала баштадыНуртазин Жетибаев Архитектура агенттигинин башчысы болду