Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Нуртазин Жетибаев Архитектура агенттигинин башчысы болду


Президенттик администрациянын имараты.
Президенттик администрациянын имараты.

Президент Садыр Жапаров Токтомамбет Сатышевди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматынан бошотуп, анын ордуна Нуртазин Жетибаевди дайындады.

Президенттин басма сөз кызматы мындай чечим Баш мыйзамдын 71-беренесине (президент Кыргызстандын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана тескемелерди кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат) ылайык кабыл алынганын билдирди. Мындан башка кадрдык өзгөрүүнүн чоо-жайы айтылган жок.

Сатышев бул кызматка былтыр июль айында дайындалган. Ага чейинки жетекчи Уланбек Калманбетов бул орунда бир айдай гана иштеген.

Жетибаев былтыр жыл аягында президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал ага чейин Футбол федерациясынын башкы катчысы, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ага 2014-жылы Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бул иш боюнча ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаровго дагы кылмыш иши козголгон.

Жетибаев 2015-жылы үй камагына чыгарылып, 2016-жылы сот аны алты жылга, үч жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу кескен.

XS
SM
MD
LG