Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:20

Алайдын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, каттам токтоду


Алай.
Алай.

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө – Октябрь жолунун Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, каттам токтоду. Электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 20-июнда нөшөрдүн кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Октябрь айылындагы ички чарбалык жолдорду жеп, каттам кыйындаган.

Айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен. Көпүрөнүн бир капталын суу жеп, көчүп кетүү коркунучу жаралды.

Учурда Алай райондук Жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү жумуштарды аткарууда. Жеринде оңдоо иштерин жасоого министрликтин тийиштүү адистери тартылды.

2022-жылы апрель айынан бери катуу жааган жаандан улам өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында сел жүрдү. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө жаан карга айланып, жүздөгөн мал кырылды.

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 18-июндун кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 200дөн ашуун объектти суу каптаган. ӨКМ 100дөн ашуун үй, беш социалдык объект сел суусунан тазаланганын кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG