Саламаттык сактоо министринин кеңешчисинин жакындары президентке кайрылды

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси М. Тилекова кармалган учур

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси, Караколдогу тергөө абагында жаткан Мээрим Тилекованын ден соолугу начар экенин айтып, анын жакындары үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Тилекованын энеси Бактыгүл Өмүралиева кызына тамак-аш да киргизе албай жатканын, анын эки жашар баласы апасын сагынып жатканын Караколдо өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жактоочу Тимур Жумабековдун айтымында, Жазык процессуалдык кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Тилекованы соттун чечими менен экинчи жолу камакта калтыруу мыйзамга туура келбейт.

"Ысык-Көл облустук соту 23-майда Тилекованы 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарып, ал №23 Каракол тергөө абагына киргизилген. Тергөөчү жаза мөөнөтүнүн аяктаарына беш сутка калганда анын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч киргизиши керек эле. Бирок ал мөөнөтүн өткөрүп жибергенине карабай, 14-июндагы өтүнүчтүн негизинде камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырыш керек болчу деп аппеляциялык даттануу жаздык. Соттук тактиканы да түшүндүрүү керек экенин айтып, Жогорку сотко да кайрылдык”.

Бул боюнча облустук жана Жогорку сот комментарий бере элек.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирген.

12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. (KS)

Дагы караңыз

Алайдын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, каттам токтодуДмитрий Муратов Нобелдин медалын 103,5 миллион долларга сатты Болот Темировго козголгон кылмыш иштери сотто карала баштадыНуртазин Жетибаев Архитектура агенттигинин башчысы болду