Тынчтык корпусунун “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасынан алкагында 12 ыктыярчы Кыргызстанга келди. Алар 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Европа, Жер ортолук деңиз жана Азия өлкөлөрүнө келген алгачкы ыктыярчылар болуп калды.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, ыктыярчылар Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мектептерде жергиликтүү окуучуларга англис тилин үйрөтүшмөкчү.
Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1250 ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарды англис тилин окутууга салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт. (BkA)
Дагы караңыз
Акыйкатчынын кеңсеси USAID менен кызматташтыкты улантатБишкекте "Германия экономикасынын күндөрү" бизнес-форуму өттүУкраина: аскерлер Северодонецкинин борборунан сүрүп чыгарылдыКыргыз-өзбек чек арасында дагы бир мыйзамсыз тоннель табылды