Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Бишкекте "Германия экономикасынын күндөрү" бизнес-форуму өттү


«Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму
«Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму

13-июнда Бишкекте кыргыз-немис дипломатиялык мамилесинин түптөлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата "Германия экономикасынын күндөрү" бизнес-форуму өттү. Инвестиция агенттигинен кабарлашкандай, иш-чарада энергетика, агроөнөр жай, маалымат технологиялары жана туризм тармактары талкууланды.

Жыйынга Кыргызстандын Инвестиция агенттигинин директору Равшан Сабиров, ишкерлер жана Германия экономикасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин өкүлчүлүгү баштаган 35 ири компаниянын өкүлдөрү катышты.

Форумда кызматташууну арттыруу багытында эки меморандумга жана айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча эки макулдашууга кол коюлду.

2020-жылы Германия Өзбекстандан башка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын кыскарткан. Анын ичинде Кыргызстан менен техникалык жана каржылык программаларын алдыдагы жылдары токтото турганы айтылган. Германия муну Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы менен түшүндүргөн.

Кыргызстан менен Германиянын эки тараптуу кызматташтыгы 1993-жылы башталган. Туруктуу экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоорлор бар. Мунун баары Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып келет. Экономика, билим берүү, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика тармагында эки мамлекеттин ортосунда кызматташтык бар.(JsA)

XS
SM
MD
LG