Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Украина: аскерлер Северодонецкинин борборунан сүрүп чыгарылды


Северодонецкини Лисичанск менен туташтырган көпүрө. 12-июнь 2022-жыл
Северодонецкини Лисичанск менен туташтырган көпүрө. 12-июнь 2022-жыл

Орус аскерлери көчө кармаштарынын жүрүшүндө украин күчтөрүн Северодонецк шаарынын борборунан сүрүп чыгарышты. Бул тууралуу украин армиясынын Башкы штабы 13-июнда кабарлады. Луганск облусунун администрация башчысы Сергей Гайдайдын айтымында, шаардын 70 пайызга жакыны азыр орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров мындан эки жумадай мурун Северодонецкинин калк жашаган райондору алынганын билдиргени менен ал тушта кармаштар уланып жаткан.

Маалыматтарга караганда, украин жоокерлери негизинен калаа чыгышындагы өнөр жай зонасын коргоп жатат. “Азот” заводунун аймагында бир нече жүз карапайым тургун аткылашуулардан жашырынып келатат.

Алдыңкы күнү Северодонецкини Лисичанск менен туташтырган көпүрө талкаланганы кабарланган. Ал шаар дагы аткыланып келатат. Гайдай акыркы 24 сатта Лисичанскта үч жайкын киши, бир жашы жетелек бала окко учканын билдирди.

Донецк облусундагы Бахмут шаары да соккуга кабылды.

Орус армиясы Славянск шаарына да чабуул коюуга аракет көрүүдө, бирок украин тарап алар алдыга жыла албай жатканын айтууда.

Киевдин айтымында, Орусия артиллериянын эсебинен үстөмдүккө жетишти. Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк майданда тең салмакка жетишүү үчүн аларга Батыштан миңдеген гаубица, танктар башка курал-жабдуу керектигин жазды. Анын айымында, курал менен камсыз кылуу маселеси 15-июнда Брюсселдеги жыйында талкууланмакчы. Согуш башталгандан бери Батыш Украинага оор техника жөнөтүүдө, бирок Киев жараян жай жүрүп жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG