Аквапарктагы кырсыкка байланыштуу мектептин директору жумуштан алынды

Бишкектеги №95 мектеп.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясынан кийин №95 мектептин директору Айгүл Шимова жумуштан алынды. Башталгыч класстын алты мугалими, билим берүү мекемесинин тарбия жана башталгыч классынын завучу да кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана ата-энелер көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

Бишкек мэриясында түзүлгөн комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратура да ушул эле беренелер менен кылмыш ишин ачып, аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда ИДӨ көлөмү январь-май айларында 270 миллиард сом болдуСтолтенберг Швеция менен Финляндияны НАТОго кошуу узакка созуларын билдирдиИрандын акчасы тарыхта болуп көрбөгөндөй күчүн жоготтуАквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу куткаруучу камалдыКараколдо согушка каршы чыккан орус жараны кармалганы кабарланды