НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швецияны жана Финляндияны НАТОго кошууга каршылык билдирген Түркия менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, ал белгисиз мөөнөткө чейин созулушу мүмкүндүгүн маалымдады.
Столтенберг уюмдун ичинде Түркия эң көп террордук чабуулдарга кабылган өлкө экенин белгилеп, Анкаранын коюп жаткан дооматтарын түшүнүү менен кабылдай турганын айтты.
“Бул мыйзамдуу камтамачылыктар. Кеп мында терроризм жөнүндө болуп жатат. Куралдарды экспорт кылуу тууралуу да сөз болууда”,-деди Столтенберг Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жасаган биргелешкен билдирүүсүндө.
18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг анда аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөрүнө үмүттөнөрүн белгилеген.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, аларды "террордук уюмдарды көбөйтүүдө" деп айыптаган. Аталган өлкөлөр бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара аларды терроризмге айыпталган "Күрддөрдүн жумушчу партиясы" менен байланышы бар деп эсептейт. Түрк президенти пикирин кийин да бир нече жолу кайталаган.
Натыйжада, Анкара эки өлкөнүн уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгон. Андан бери Швециянын жана Финляндиянын лидерлери Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, чабармандарын Анкарага жиберген. Сүйлөшүүлөр жыйынтык бере элек.
Орусия Украинага кол салгандан кийин Швецияны менен Финляндия тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.
НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган. (ErN)