Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Кыргызстанда ИДӨ көлөмү январь-май айларында 270 миллиард сом болду


Кыргызстандын Ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү январь-май айларында 270,2 млрд сомго жетип, былтыркы ушул маалга салыштырмалуу өсүш темпи 5,7% түздү.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетине шилтеме берүү менен билдирди. ИДӨ өсүшүнө негизги салымды өнөр жай (2,48%) жана кызмат көрсөтүү (1,97%) тармактары кошкон. Мындан тышкары өндүрүштүн көлөмү айыл чарбасында (2,2%) жана курулушта (3,1%) өскөн.

Министрлик металлургиялык ишканалардын туруктуулугун, ишке киргизилген кендердин көбөйүшүнүн, тамак-аш жана мунай өндүрүшүнүн калыбына келтирилишинин эсебинен "өнөр жай өсүштүн негизги кыймылдаткычы болуп калды" деп белгиледи.

Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү бул аралыкта 3 млрд АКШ долларына жетип, импорт 2,5 млрд долларды (өсүү 1,6 эсе), экспорту 506,8 млн долларды (14,3% аз) түзгөн.

Инфляциянын деңгээли 7,5% түздү. 2021-жылдын аягында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда болгон.

Эске салсак, апрель айында Улуттук банкы керектөө бааларынын 14,3% жогорулаганын билдирген. Ал эми Экономика министрлиги ИДӨ 4,5% өскөнүн билдирген. Ошол эле учурда эл аралык финансы институттары баалардын токтоосуз өсүшүн болжолдошкон.

Жаздын ортосунда президент Садыр Жапаров кыргыз элди чыгымдарды азайтууга чакырган.

XS
SM
MD
LG