Бишкекте “КелКел... Жаштар саясатта” тасмасы тартууланды

Иш-чарада тартылган сүрөт.

Бишкекте 10-июнда “КелКел... Жаштар саясатта” деген иш-чара уюштурулуп, ушул аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Фильмде Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бийлигин кескин сындап, протесттерди уюштурган жаштар кыймылы, анын мүчөлөрү тууралуу баяндалат.

“Кылым шамы” адам укугун коргоо уюму жана "ТВ Академия" коомдук фонду уюштурган иш-чарада 17 жыл мурун түптөлгөн “КелКел” жаштар кыймылынын мүчөлөрү бир аянтчага чогулушту.. Жыйынга активисттер, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова да катышып, жакыңкы тарыхты эскеришти.

“КелКел” - Кыргызстандагы “Жоогазын” революциясына жигердүү катышкан алгачкы демократиялык жаштар кыймылы. Анын мүчөлөрү сары тасма тагынып, ошол кездеги бийликти кескин сындап чыгышкан. “Келкелчилер” 2005-жылдын мартындагы төңкөрүштө алдыңкы катарларда болушкан. Учурда бул кыймылдын мүчөлөрү түрдүү тармактарда иштешет.

Кыймылды негиздегендердин бири – Алишер Мамасалиев 2021-жылы оорудан көз жумган. Бишкектеги иш-чарага анын апасы катышты. Даректүү тасмага Алишердин эскерүүлөрү да камтылган.

Тасманы активист жана талдоочу Адил Турдукулов тарткан. Буга чейин уюштуруучулар Аксы окуясын эскерген фильм даярдашкан. (SE)

Дагы караңыз

"Кел-келдин" Алишери кетти... ЖАШ САЯСАТЧЫЛАРДЫН КАТАРЫ КАЛЫҢДАДЫЖАШТАР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ САКТАП КАЛУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДАПУТИН МЕНЕН АКАЕВ, “КЕЛ-КЕЛ” КЫЙМЫЛЫ, 65 ЖЫЛ ФРУНЗЕ АТАЛГАН БИШКЕК