Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

"Кел-келдин" Алишери кетти...


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 

Маркум 48 жашта гана болчу. Ал акыркы убактарда ооруп, чет мамлекеттерде дарыланып жүргөн.

Алишер күткөн өзгөрүү...

Саясатчынын күтүүсүз өлүмү замандаштарын өкүткө салды. Учурда алар социалдык тармакта маркум тууралуу эскерүүлөрдү жазып жатышат. Мамасалиевди жакындан билгендер анын өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөргө кошкон салымын белгилешүүдө.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Алишер жана анын тегерегиндеги жаштар авторитардык бийликти кулатууда маанилүү роль ойногонун айтты.

“2004-2005-жылдары Алишердин уюштургуч жагын, жаштарды ээрчите билгенин, жаш болсо да саясатты түшүнө билгенин байкап жаттык. Биздин уюм ошол мезгилде эле тынч митинг-пикеттерге байкоо салчубуз. Алишер баштаган жаштар 2004-жылдары өз алдынча чыгып, кийин 2005-жылдын башында “Кел-кел” деген кыймылга биригишкен. Ошол жылдары “Кел-кел” кыймылынын жаштары 2005-жылдын март окуясынын авангарды болгон. Кийин Алишерге жолугуп сүйлөштүк. "Биз күткөндөй болбой калды, чоң экономикалык, саясий өзгөрүүлөрдү күттүк эле" деп кейигени эсимде”.

Алишер Мамсалиев. 2005-жылы тартылган сүрөт.
Алишер Мамсалиев. 2005-жылы тартылган сүрөт.

Март революциясынан кийин өлкөдө бийлик дагы эки жолу күч менен алмашылды. Маркум Алишер Мамасалиев 2014-жылы "Азаттыкка" комментарий берип жатып алгачкы элдик толкундоо жана анын жемиши тууралуу мындай деген эле.

"2005-жылдагы 24-мартты мен дайыма эстеп жүрөм. Ошондо туура кылдыкпы, туура эмес кылдыкпы, ошондо биз революция кылбасак, анда өлкөнүн тарыхый өнүгүү жолу кай тарапка кетмек деп ойлоном. Бирок март революциясындагы түз максатыбызга жетпесек да, бүгүнкү күндө негизги башкаруу системасы өзгөрүп калды. Эгер 2005-жылы революция болбогондо 2010-жылы апрель революциясы болмок эмес деп ойлойм. Менимче, кадам артынан кадам жасалган иштер болду да".

Жакын досу, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Алмаз Кадыркулов Алишердин алдыга койгон көп пландары аткарылбай калганына токтолду.

"Алишер абдан таза, жакшы адам болчу. Дагы көп нерсе жасамак, үлгүрбөй калды. Бир сөз менен айтканда ЖИГИТ эле. 2000-жылдары жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин коюп, утулуп калган. Кийин “Кел-кел” кыймылын уюштурган. 2005-жылдан кийин Жаштар кыймылын түзгөнбүз".

Юрист Чолпон Жакупова Кыргызстандын саясат айдыңынан жаңы, курч көз караштагы инсан кеткенине өкүнүп турганын билдирди.

“Ал абдан билимдүү болчу деп айта алам. Прогрессивдүү, аналитикалык ой жүгүрткөн адам болчу. Биз абдан жакын тааныш болбогон менен мен ага сый-урмат менен мамиле кылчумун”.

Саясатчы Адил Турдукулов маркум өз доорундагы жаштардын арасынан суурулуп чыккан уникалдуу фигура болгонун белгиледи.

“Азыр жаштар саясатта активдүү. 2000-жылдардын башында сейрек болчу. Ошол мезгилде жаштар арасынан чыккан лидерлердин бири, оппозициячыл көз караштагы уникалдуу фигура болгон. “Кел-кел” кыймылы принципиалдуу жаштарды чогулткан, анын башында Алишер турган. Ал мезгилде мамлекеттик аппарат күчтүү болчу, репрессиялык мүмкүнчүлүктөрү азыркыга караганда чексиз болгон. Бирок, ага карабастан тайманбастан чыгып, 24-марттагы революциянын болушуна салым кошкон. Чыгармачыл көз карашы бар адам эле. Радиодо алып баруучулуктан баштап, журналисттик ишмердүүлүк жүргүзүп, телеканалда да иштеп кеткен. Жаңы идеяларга толуп турчу. 2010-жылдан кийин саясаттан алыстап китеп жазды. Ал унутта калган 70-80-90-жылдардагы Фрунзенин, жаштардын жашоосун эл эсинде калсын деген ниетте китепке түшүргөн”.

Алишер Мамасалиев 2007-жылы парламентке бийликчил "Ак жол" партиясынан депутат болуп келген. Апрель окуясынан кийин ал саясаттан четтеп, коомдук иштер менен алек болгон. 2019-жылы "Азаттыктын" "Бийлик сырлары" берүүсүнө курган маегинде мындай деген эле.

“7-апрелдеги революция учурунда АКШда окууда болчумун. 2015-жылга чейин өзүмдү люстрация кылып, саясий ишмердүүлүктөн четтедим. Болуп өткөн окуяларга жоопкерчилик сезип, көпчүлүккө тилектештигимди билдирип саясий айдыңга чыккан жокмун”.

"Бийлик сырлары". 9-сентябрь, 2019-жыл

Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында депутат болгон Бакыт Төрөбаев Мамасалиев мекенчил саясатчы болгонун эскерди.

“Алишер Мамасалиев менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышында чогуу иштедик. Абдан демилгелүү саясатчы болчу. Кандай маселе чыкпасын эл үчүн, мамлекет үчүн кандай пайда болот деп ойлонуп турчу. Стратегиялык, аналитикалык ой жүгүртчү. Мамлекеттин түзүлүшү, Конституция, башкаруу системасы тууралуу өз көз карашы бар эле. Биз он жылдан ашуун дос болдук. Ичинде кири жок, түз жүргөн, бетке айткан жигит болчу. Өтө өкүнүчтүү окуя болуп калды".

Бир жыл мурда саясатчынын "Көчө тарыхы" аттуу китеби жарык көргөн. Автор анда борбор калаа Фрунзе деп аталып турган кездеги балалыгын, 90-жылдардагы жаштыгын эскерип, өзү курдууларды "жоголгон муун" катары сыпаттаган. Китепте белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго жолуккан учуру да камтылган.

Алишер Мамасалиев 1973-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. 1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген. 2006-жылы “Кел-кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып, бирок ден соолугуна байланыштуу тизмеден чыкканы кабарланган.

Артында жубайы, бир уул, бир кызы калды.

Алишер айткан эле...

Алишер Мамасалиев саясатта жүргөн жылдары "Азаттык" радиосунун ар кандай телеберүүлөрүнө катышып, суроолоруна жооп берип турчу. Бүгүн анын ар кайсы жылдары айткан сөздөрүн топтоп берүүнү эп көрдүк.

"Мен мурун, эгерде саясатка, бийликке жаштар келсе дароо баары өзгөрөт деп ойлогом. Иш жүзүндө андай эмес экен". (30-декабрь, 2008-жыл)

"Бийликти революциялык жол менен алмаштыруу жакшы жол эмес. Бул бийликти алмаштыруунун жаман жолу деп эсептелет". (19-март, 2009-жыл)

"Жаза жок экенин сезүү өзүм билемдикке алып барууда. Бул жалгыз-жарым факт эмес, өнөкөт болуп баратат. Кылмыштуулук экономикада эле эмес, жалпы коомдо таасирдүү орунду ээлеп атат". (18-апрель, 2009-жыл)

"Негизи өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүбүздүн мүнөзүбүздү өзгөртсөк, анда мыйзам иштеп каларына ишенем". (26-март, 2010-жыл)

Алишер Мамасалиев көзү тирүүсүндө "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" телеберүүсүнө эки жолу катышкан.

"Кыргызстанды ылдам өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошуу чындыктан алыс стратегия. Алардын катарына кирүү үчүн бир топ критерийлерге жетүү керек. Экономика, адам укугу жаатындагы маселелер турганда жакынкы 50 жыл аралыгында бат өнүгүп жаткан мамлекеттердин сабына кошула албайбыз.

Биринчиден, ар бир киши өзүнө суроо бериши керек. Эгер өзгөрүүнү кааласак, ар кимибиз өзүбүздөн баштоого тийишпиз да. Ар бир жаран добушту жүрөгү менен бериши зарыл. Ошондо гана чындап элге, мамлекетке иштеген адамдар бийлик башына келет. Убадалар аткарылат". (4-июль, 2017-жыл)

"Бизде дайыма жазында саясатта, саясатчылар арасында жандануу болот". (4-март, 2019-жыл)

"Негизи сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек. Эгер биздин коомдо оппозиция болбосо, анда кайра эле авторитардык режимге кетебиз. Күчтүү оппозиция, альтернативдүү телеканалдар болсо, бул коомго пайда алып келет. Анткени альтернативдүү саясат, көз караш жаралат. Ошондуктан бул процесстерди мен кемчилик деп айта албайм. Биз аз-аздан кадам шилтеп, алдыга бара жатабыз. Эки-үч шайлоо процесстеринен өтсөк, биз жакшы эле коомдук саясий системаны түзүп алабыз". (10-март, 2019-жыл)

"Садыркулов Бакиевдерге каршы жаңы оппозициячыл аянтча түзүүнү каалаган. Жаңы саясий долбоорду ишке ашырууга аракет кылган эле. Ушундан улам Садыркулов менен Жаныш Бакиевдин ортосунда карама-каршылык келип чыккан. Ал кезде «Ак жол» партиясында Садыркуловду колдогон 20га жакын депутат бар болчу. Анын ичинде мен да бар элем". (12-март, 2019-жыл)

"Жаштардын үй-бүлөлүк, кландык системаны, Акаевди бийликтен кетирүүдө салымы чоң болгон. Революциядан кийин биз президент Курманбек Бакиевден конституциялык реформаны талап кылганбыз. Ошол конституциялык реформанын негизинде биз жаштардын укугун коргоп, парламенттик шайлоодо жаштарга квота киргизгенбиз. Тарыхта жаштар биринчи жолу саясий күч болуп аянтка чыккан, чоң саясатка аралашкан". (24-март, 2019-жыл)

"Кээ бир мамлекеттер бизге ишенбей жатат. Айрым аткаминерлер ушуга алып келди, бул өтө коркунучтуу нерсе". (7-август, 2019-жыл)

"Кыргызстан эгемендигинин тарыхый практикасы менен постсоветтик мейкиндиктеги жагдай белгилүү бир мыйзам ченемди такай ырастап келатат: шайлоо качан бийлик даяр болгондо гана өтөт". (29-октябрь, 2019-жыл)

"Үйдө отуруп алып, баа берип, акыл айткан эң оңой жана туура эмес". (10-апрель, 2020-жыл)

"Көңүлкош мамиледен канча адам жабыр тартты. Бул көрүнүш өлкөнүн башкаруу системасына, ар бир жаранга зыяндуу". (13-июнь, 2020-жыл)

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. 

XS
SM
MD
LG