Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

ЖАШТАР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ САКТАП КАЛУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Конституциялык сотту сактап калуу талабы менен бир катар жаштар уюмдары бүгүн Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында флеш-моб акциясын өткөрүштү. Анткени, жумушчу топ иштеп чыккан баш мыйзамдын долбоору боюнча Конституциялык сот жоюлуп, Жогорку соттун карамагында болууга тийиш.

Флеш-моб акциясын көз ирмемде жасалган иш аракеттер катары түшүнсө болот. Мындай акцияны “Юстиц кыймылы”, “Эркин муун” жаштардын либералдык шериктиги жана “Кел-Кел” уюмдары саясий максатта өткөздү. Алар өздөрүнүн аркетин флеш-моб деп атаганынын себеби, Конституциялык сотту коргоп калууну тилек кылып, көз ирмемде ак үйдүн тосмолоруна түстүү тасмаларды байлашты. Иш чаранын уюштуруучусу Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, кыргыздар эзелтен мазарларга тасма байлап тилек айтып келишкен:

- Бүгүнкү акциянын негизги мааниси - ар бир адам ак үйдүн тосмолоруна келип, Конституциялык сот өз калыбында калса экен деп, ичинен тилек айтып тасма байлашы керек. Конституциялык сот ушул бойдон калат деп президент бир нече жолу убада берген. Бирок, жаңы жазылган долбоорлордо башкача болуп жатпайбы.

“Эркин муун” жаштардын либералдык шериктиги уюмунун теңтөрагасы Нурбек Ишекеев Конституциялык сотту калтыруу сунушу республикалык сурамжылоонун жыйынтыгынан улам келип чыкканын айтты:

- Конституциянын долбооруна кандай сунушуңар бар деп, республика боюнча сурамжылоо өткөрдүк. Негизги сунуш катары Конституциялык сот ушул турушунда калышы керек дешти. Себеби демократиялык өнүгүү үчүн өлкөнүн баш мыйзамын Конституциялык сот коргоп турушу керек. Бул демократиянын жобосу.

“Кел-Кел” жаштар уюумунун мүчөсү Акылжан Акылбаеванын пикиринде, бул иш чара саясий акцияны өткөрүүнүн Кыргызстандагы жаңыча бир түрү:

- Болуп жаткан көрүнүш саясий иш чаранын өткөрүүнүн жаш муундар тарбынан уюуштурулуп жаткан жаңы баскычтары. Бул пикет менен эле эмес, маданий түрдө жаштардын өздөрүнүн үнүн угузуу болуп эсептелет.

Баш мыйзамдын долбоорлорун жазган жумушчу топтун төрагасынын орун басары жана адилет министири Марат Кайыпов Конституциялык сот саясий буйруктарды аткарып калгандыктан Жогорку сотко кошуп коюу сунушу болгон деп жооп кайтарды:

- Жумушчу топтун мүчөлөрү Конституциялык сот саясий сот болуп калды, саясий тапшырмаларды аткарып жатат, мындай соттун Кыргызстанда болушун каалабайбыз, кийин дагы башка президенттин саясий тапшырмаларын аткарып калышы мүмкүн деген коркунуч бар дегенден кийин, Конституциялык сот Жогорку соттун курамына киргизилген.

Канатбек Муратбек уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG